Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды
Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы болушту. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен. Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар.… Кененирээк…