Жеке ишкерлерге 5 миллиард сомдон ашык берилди. Каражат “Кичи жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында бөлүнгөн. Ушул жылдын 1-ноябрына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.
Жалпысынан каржылык колдоого 8 миңден ашык ишкер ээ болгон. Эске салсак, долбоордун алкагында ишкерлерге кайтарымдуу негизде пайызсыз насыя берилет.
Программа Дүйнөлүк банктын жана Азиялык инфраструктуралык банкынын колдоосу менен ишке ашууда.