Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалга баалар туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалга баалар туруктуу. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, рыноктук баанын туруктуулугун алып келе турган негизги маселелер чечилди.

 

Алсак, Кыргызстанга отунду пошлинасы жок алып келүүгө шарт түзгөн индикативдүү баланс көбөйтүлдү.

 

Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен мунай продуктыларын темир жол аркылуу үзгүлтүксүз ташуу макулдашуусу жетишилген. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө 92-үлгүдөгү бензин өлкөдө 64 сомдон, дизелдик отун 69 сом 80 тыйындан сатылууда.