Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарынын экинчи раундунда старт алат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарынын экинчи раундунда старт алат. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, биздин команда D тобунда Малайзия, Оман жана Тайбэй менен кез келет.

 

16-ноябрда кыргызстандыктар Малайзия менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де старт алат.

 

Ал эми 21-ноябрда Оман курамасы менен жолугушуу өтөт. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.