Бишкекте Manas Tower комплекси курулат

Бишкекте Manas Tower комплекси курулат.

 

Анын курулушуна капсуланы президент салды. Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, комплекс 45 кабаттан туруп, курулуш 3 жылда аяктайт деп пландалууда.

 

Анын ичинде  5 жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар зары, ресторандар, дүкөндөр жана 600 унаага ылайыкташкан парковка пайда болот. Долбоорго ылайык, имараттын үстүндө тик учак коно турган жана панорама аянтчасы дагы каралат.