Садыр Жапаров Японияга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   «Сапардын алкагында Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA… Кененирээк…

Кыргызстанда 740 миңдей бөбөк бала бакчага барбайт

Кыргызстанда 1-6 жашка чейинки 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Бул тууралуу “Азаттык” Министрлер кабинетинин төрага орун басары Адылбек Касымалиевге таянып жазды.   Маалыматка ылайык, учурда Бишкекте 94 муниципалдык бала бакча бар, аларда 25 миң 408 бала тарбияланууда. Дагы 28 миң 494 бала… Кененирээк…

Баткенде жаңы мал базары курулду

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жаңы муниципалдык мал базары курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Базарга жергиликтүү бюджеттен 22,8 млн сом сарпталган. Бул жерде мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар каралган.   «Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат.… Кененирээк…

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан чет өлкөлүк кармалды

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан чет өлкөлүк кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Контрабандага шек саналган адам “Манас” эл аралык аэропортунда колго түшкөнү маалымдалды.   Мекеме чет элдик жеке ишкерлер алтын куймаларын аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушканын кошумчалады.

Кыргызстанда паранжа менен узун сакалга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда паранжа менен узун сакалга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Демилгечилер документ жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебей турганын, конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактоо менен иштелип чыкканын белгилешти. Анда эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүү жүрүүдө

Кыргызстанда бир катар жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүү жүрүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 25-ноябрга чейин бардык каалоочулар кызамык, тепме, коронавирус жана гепатиттин А, В, С, D, Е түрлөрүнө иммунитети бар же жогун бекер текшерте алышат.   Акция Коомдук саламаттык боюнча улуттук институттун базасында өткөрүлүүдө.   Долбоорго… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 34 миң жаранга кызыл китеп берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 34 миң жаранга кызыл китеп берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, трансформацияланган жерлердин аянты 8 миң 500 гектарды түзөт.   Бул иштер бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Туруктуу жашаган жери жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылууда

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылууда. Мэриядан кабарлашкандай, алар шаардын төрт районунда тең бар.   Анда үй-жайсыз, барар жери жоктор бир маал ысык тамак ичип, түнөп кете алат. Ошондой эле гуманитардык жардам берилет жана медициналык кароодон өтсө болот.  … Кененирээк…

Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Бишкектин Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, амбулаториянын жалпы аянты 363 чарчы метрди түзөт. Борбор керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.   Медициналык мекеме калкка алгачкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган, оорулардын себебин өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.  … Кененирээк…