Туруктуу жашаган жери жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылууда

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылууда. Мэриядан кабарлашкандай, алар шаардын төрт районунда тең бар.

 

Анда үй-жайсыз, барар жери жоктор бир маал ысык тамак ичип, түнөп кете алат. Ошондой эле гуманитардык жардам берилет жана медициналык кароодон өтсө болот.

 

Белгилеп кетсек, көчөдө суукта калган кароосуз адамды көргөн учурда 102 же 103 номурларына чалса болот.