Баткенде жаңы мал базары курулду

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жаңы муниципалдык мал базары курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Базарга жергиликтүү бюджеттен 22,8 млн сом сарпталган. Бул жерде мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар каралган.

 

«Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат. Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот», — деп айтылат маалыматта.

 

Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулуп бүттү.