Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Бишкектин Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, амбулаториянын жалпы аянты 363 чарчы метрди түзөт. Борбор керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.

 

Медициналык мекеме калкка алгачкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган, оорулардын себебин өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.

 

Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.