Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт. Шаардык ишке орноштуруу бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара 29-ноябрда Кыргыз мамлекеттик филармониясында, саат 10до башталат.
Анда калкка 6 миңден ашык бош орундар сунушталат.
Каалоочулар ошондой эле ылайыктуу кесипти тандоо үчүн тест тапшырып, талап кылынган адистиктер боюнча акысыз кайра даярдоо курстары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.