Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Чиновник долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо дээрлик аяктап калганын айтты.
Эске салсак, октябрь айында Транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев 311 чакырым темир жол каттамы биздин аймактан “Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад” схемасы боюнча өтөрүн билдирген. Анын айтымында, долбоордун болжолдуу баасы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт.