Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аптека Туңгуч кичи районундагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында жайгашкан.
Эске салсак, Кыргызстанда жалпысынан 80 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалып жатат. Аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү.
Баасы жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайызга арзан болот.