Улуу Британияда стресстен арылуунун адаттан тыш жолу сунушталды

Улуу Британияда стресстен арылуунун жана тынчсызданууну азайтуунун адаттан тыш жолу сунушталды.

 

Бир ферманын кожойкеси уйлар менен дарылоо сеансын уюштурууда. Анын алкагында каалоочулар жаныбарларды кучактап же алар менен бирге сейилдесе болот.

 

Британиялык аялдын айтымында, мындай жагдай адамдарга жакшы таасир берип, жан дүйнөсүн тынчтыкка бөлөйт.

 

Белгилеп кетсек, бул кызмат британиялыктар арасында гана популярдуу эмес. Чарбага коңшу мамлекеттердин тургундары да келишүүдө.