Кыргызстанда кечээги «өзгөчө» датада 200гө жакын түгөй баш кошту

Кыргызстанда кечээги «өзгөчө» датада 193 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

23.11.23 сандарын камтыган күнү Бишкекте жалпы 37 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 21 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 5 үлпөт болду.