Чоң-Алайда сегиз жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ачылды

Чоң-Алайда сегиз жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.

 

Кашка-Суу айылындагы мектеп 375 орунга ылайыкташкан. Билим уясынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган, бирок ушул кезге чейин каражаттын тартыштыгынан бүтпөй турган.