Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору ачылды

Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, объект Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

 

Борбор күнүнө 500гө чейин адамды кабыл ала алат. Анда даректи каттоо, жарандык маселелер каралат, булуттук электрондук колтамга берилет.

 

Документтерди кабыл алуу жана тариздөө үчүн ичинде касса, нотариус, сурап-билүү жана фото кызмат көрсөтүүлөр бар.

 

Буга чейин бөлүмдөр ар кайсы жерде жайгашып, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жараткан.