Пилот учакты капысынан башка шаарда кондуруп алды

Пилот учакты капысынан башка шаарда кондуруп алды. Каттам Лагостон Нигериянын борбору Абуджа калаасына аткарылмак. Бирок учкуч адашып, Асаба шаарында конуу жасаган.

 

Эки калаанын ортосундагы аралык 300 чакырымды түзөт. Учактагылар башка жерге келип калганын билгенде, пилот ага диспетчерлер башка маалымат берип койгонун билдирген.

 

Бирок көп өтпөй, адашуу туруксуз аба-ырайына байланыштуу болгону белгилүү болду. Чукул окуянын себеби такталгандан кийин учак кайра көздөгөн Абуджа шаарына жөнөдү.