Бишкекте температуралык рекорд коюлду

Бишкекте температуралык рекорд коюлду.

 

Синоптиктердин маалыматы боюнча, кечээ, 27-ноябрда ордо калаада аба табы 21 градуска чейин жылыды. Буга чейинки рекорд 1939-жылдын 27-ноябрына таандык болчу.

 

Анда +20 градус катталган. Ал эми ноябрь айындагы абсолюттук рекорд 2017-жылы орнотулган. Анда, 2-ноябрда Бишкекте күн дээрлик 30 градуска чейин ысыган.