Министрлер кабинети кийим экспорттоодо транспорттук чыгашанын жарымын төлөп берүүнү пландап жатат

Министрлер кабинети кийим экспорттоодо транспорттук чыгашанын жарымын төлөп берүүнү пландап жатат.

 

Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Анын айтымында, чыгашаларды субсидиялоо жөнүндө чечим эки критерийдин негизинде кабыл алынат.

 

Биринчиси – жүк кандайдыр бир себептер менен туруп калса жана экинчиси – продукцияны жаңы рынокко экспорттоп баштаганда.