Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы облустагы президенттин өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет. Күтүлгөндөй, объектти курууга Базар-Коргон району тандалып алынды.

 

Электр станциянын кубаттуулугу 200 мегаватты түзөт. Аны ишке ашыруунун жол жобосун учурда Венгриядан инвесторлор карап жатат. Өз кезегинде жергиликтүү бийлик аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр.