Жакынкы эки жылда ипотека боюнча кезекте турган 13 миң адамдын баары турак жай менен камсыз болот

Жакынкы эки жылда ипотека боюнча кезекте турган 13 миң адамдын баары турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Жаштар форумунда билдирди.

 

«Мен келгенде ипотекалык компаниянын саясатын өзгөрттүм. Андан бери 1500-2000 адам үйлүү болду. Азыр мамлекеттик ипотека боюнча турак жай алганга 13 миң адам кезекте турат, көбү мамлекеттик кызматкерлер.

 

Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары баарын батир менен камсыздап бүтөбүз», — деди президент.

Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин жаштар болобу, мигрант же базарда отурган соода адамы болобу, каалагандардын баарына 4 пайыз менен ипотекалык үйлөр берилерин кошумчалады.