Чүй облусунун тургундары акысыз юридикалык жардам ала алат

Чүй облусунун тургундары акысыз юридикалык жардам ала алат. 1-декабрдан 10-декабрга чейин Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук колдоо кызматы жарандарга ар кандай суроолор боюнча кеп-кеңеш берет.   Кызмат жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек, жер укуктары жана башка тармактар боюнча көрсөтүлөт.

Кыргызстанда курч респиратордук вирустар күч алууда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустар күч алууда. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, өткөн жумада 5 миңден ашык учур катталды.   Алардын көбү жаш балдар. Дарыгерлер респиратордук инфекциялар сезону учурунда бет кап режимин сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, бөлмөнү тез-тезден желдетип турууну сунуштайт.… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук суроолор жана регламент боюнча комитети Кыргызстан желегин өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук суроолор жана регламент боюнча комитети Кыргызстан желегин өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду. Мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды.   Документке ылайык, желектеги толкундуу күн нурлары эми түз болуп өзгөртүлөт. Талкуу учурунда белгилүү болгондой, министрлер кабинети дагы мындай өзгөртүүлөргө каршы… Кененирээк…

Унаа айнектерин караңгылатуу боюнча акция үч күндөн кийин аяктайт

Арзандатылган баада унаа айнектерин караңгылатуу акциясы үч күндөн кийин аяктайт. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси эскертет.   30-ноябрга чейин машиненин алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат жеке адамдар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 90 миң сом болууда.… Кененирээк…

“Торугарт” өткөрмө бекети үч саатка ишин токтотот

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети үч саатка ишин токтотот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган пунктан бүгүн күндүзгү саат 3 жарымдан кечки 6 жарымга чейин адамдар, унаа жана жүктөр өткөрүлбөйт.   Мунун себеби техникалык иштерге байланыштуу.

Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 триллион сомдон ашты

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион сомдон ашты. Тиешелүү маалыматты Экономика жана соода министрлигинин сайтындагы атайын эсептегичтен көрүүгө болот.   Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн ИДПсы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу триллионго жетип жатканын белгилеген.   ИДП бул –… Кененирээк…

Кыргызстандын ички валюта рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстандын ички валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчи орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.   Ал кошумчалагандай, жыл башынан бери интервенциялардын жалпы көлөмү болжол менен 655 млн доллардан ашты.

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу мекеменин коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчи орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.   Анын айтымында инфляциянын көрсөткүчү ноябрь айында 8 пайызды түзгөн. Бул жыл башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6,7 пайыздык пунктка төмөн экени белгиленди.… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы Токтогул паркын оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Жалал-Абаддагы Токтогул паркын оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, ушул тапта тротуарларга таман таш төшөлүп, фонтан жаңыланууда.   Алдыда отургучтар орнотулуп, көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Курулуш облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.   Белгилеп кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери толук реконструкцияланган эмес.

Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктоодо

Жалал-Абад шаарында №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын 375 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусу дээрлик курулуп бүттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, үч кабаттан турган мектеп типтүү курулуп, анда ашкана, окуу класстары, китепкана, талаптагыдай лабораториялык каналар орун алган.   Аталган мектептин курулушу өткөн жылы башталып, ал үчүн республикалык бюджеттен 75… Кененирээк…