Жалал-Абад облусунун аймагында таштандыны кайра иштетүүчү алгачкы ишкана ачылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Ала-Бука айылындагы кичи заводду ачууга облусту өнүктүрүү фондунан 18,5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 6,5 миллион сом бөлүнгөн.
Ишканага Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, аймактагы эки тоо-кен компаниясынын таштандысы чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалууда.