Кыргызстан аймагында 15 пайдалуу кен аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн тоо-кен казуу тармагындагы негизги инвесторлор – Улуу Британия, Түркия, Кытай, Россия жана Казакстан болуп эсептелет.
Тармак өзү жыл сайын 1 миллиард долларга чейин киреше алып келип, экономиканын негизги бөлүгүн түзүп калат деген божомолдор бар, — деди премьер.