Баткендин Самаркандек айылында заманбап спорт зал курулууда
Баткендин Самаркандек айылында заманбап спорт зал курулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Учурда курулуш иштери 95%га аяктап калды, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом, Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан 5 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн. Объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.