Австралиялык эки дос адаттан тыш рекорд жасады

Австралиялык эки дос адаттан тыш рекорд жасады. Жаштар бир күндө Сиднейдеги 99 пабга барып чыгышкан.

 

Алар ар бир барда жок дегенде бирден ичимдик ичкен.

 

Австралиялыктар рекордго жетүү оңой болбогонуну моюнга алышты. Маселен, кээ бир эс алуу жайларында аларга видео тартууга тыюу салынса, башкаларында тейлөөдөн баш тартышкан.

 

Мындан тышкары, процесстин жүрүшүндө алар кайрымдуулук кылуу ниетинде акча чогултушкан.