“Кыргыз темир жолу” Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун соңку чоо-жайын айтып берди. Мамлекеттик ишкананын жетекчи орун басары Дастан Усубакунов билдиргендей, биздин өлкө буга чейин техникалык-экономикалык негиздемени алган.
Жолдун курулушуна болжол менен 4 миллиард доллар сарпталат. Учурда тараптар каржылоо жана каражат табуу маселелерин талкуулашууда.
Белгиленгендей, бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана башка өлкөлөргө жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт.