Футболчу Лионель Месси Time журналынын тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчусу аталды. Өткөн жылдын аягында форвард Аргентина курама командасына Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңүүгө көмөктөшүп, турнирдин мыкты оюнчусу болгон.
2023-жылы жайында америкалык «Интер Майами» клубу менен келишим түзүп, алар менен Лигалар кубогун утуп алган.
Кошумчалай кетсек, быйыл аргентиналык ПСЖ менен Франциянын чемпиону болду.