“Эмгектин ордуна продукция” программасы келерки жылы да улантылат

“Эмгектин ордуна продукция” программасы келерки жылы да улантылат. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, аз камсыз үй-бүлөлөргө миң тоннадан ашык ун жана 110 тоннадан ашык өсүмдүк майын берүү пландалууда.   Анын алкагында жарандар инфраструктуралык, окутуучу же киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашырышы керек. Мунун ордуна алар тамак-аш алышат.

Кыргызстан 38 мобилдүү ооруканага ээ болду

Кыргызстан 38 мобилдүү ооруканага ээ болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.   Анын айтымында, учурда штабдарды түзүү, ошондой эле медицина кызматкерлеринин штаттык санын жана алардын эмгек акысын бекитүү иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чакан ГЭС ишке берилди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чакан ГЭС ишке берилди. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, анын кубаттуулугу 4,5 мегаватт.   Гидроэлектрстанция жыл сайын 17 миллион киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул райондун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 15 пайызын камсыздайт.   Долбоор үчүн 2,5 миллион доллар бөлүнгөн. Акчаны… Кененирээк…

Кыргызстанда жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Анын айтымында, план ашыгы менен аткарылды.   Министр белгилегендей, казынадан бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү менен жолдор насыя, чет элдик компаниялардын жардамы менен гана эмес, ата мекендик ишканалар тарабынан… Кененирээк…

Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1400 жараны абакта жатат

Кыргызстандын 1418 жараны чет мамлекеттерде сот жообуна тартылып, жазасын өтөөдө. Алардын ичинен 1167 адам Россияда, 83 киши Казакстанда, Иракта 41, Түркияда 30, Өзбекстанда 22 киши абакта жатат.   Калгандары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда кармалууда. Бул тууралуу башкы прокурордун орун… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең суук түшөт

Кыргызстанда эртең суук түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 7-декабрда өлкөнүн басымдуу аймагында кар жаайт.   Аба табы кескин төмөндөйт, шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Кыргызстандыктар салыктарды эми онлайн режимде төлөй алат

Кыргызстандыктар салыктарды эми онлайн режимде төлөй алат. Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg тиркемесин ишке киргизди.   Ал аркылуу “Жеке кабинетте” каттоодон өткөн жарандар салыктарды төлөп, электрондук патент же камсыздандыру полисин каттап, электрондук товар-коштомо кагаздарын алып, нөлдүк көрсөткүчтөр менен отчет тапшырып, керектүү салык органдарынан маалымкаттарды ала алса… Кененирээк…

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан 27 миң 600 тонна дан сатылып алынды

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан 27 миң 600 тонна дан сатылып алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, буудайдын сапаты үчүнчү класстан кем эмес жана жабышчаактык деңгээли 23 пайызды түзөт. Мамлекет тарабынан данды запастап сатып алуу уланууда, — дешти ведомстводон.

Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 71 жашты түзөт

Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 71 жашты түзөт.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн.   Муну менен өлкөдөгү аялдар эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашаган тенденция сакталган. Ошондой эле өлкөдө… Кененирээк…

Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн мэриянын укуктары кеңейтилет

Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн мэриянын укуктары кеңейтилет. Министрлер кабинетинин жыйынында муниципалитетке 1-январдан тартып абаны таза кармоо үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берүү чечими кабыл алынды.   Пилоттук долбоорго ылайык, мэрия абаны таза кармоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү айрым ыйгарым укуктарга… Кененирээк…