Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго байланышы бар 58 бажы кызматкери кызматтан алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Ал бул багытта 2022-жылдан бери териштирүү жүрүп келгенин, иштен алынган кызматкерлердин арасында орун басарлар, башкы инспекторлор да болгонун айтты.
Белгиленгендей, бул жааттагы иликтөө иштери уланып жатат. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.