Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын куруу иштери башталды

Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки долбоорго кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 9,3 миллион доллар бөлгөн.   Долбоор ишке ашса, жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш орду түзүлөт.   Ошондой эле “Евразия канаттуулар фабрикасы”… Кененирээк…

Америкалык актер Николас Кейдж жакында карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн

Америкалык актер Николас Кейдж жакында карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн.   Бул тууралуу ал өзү соңку интервьюсунда билдирди. 60 жашка чыгып калган актердун айтымында, ал кино аркылуу айткысы келгендин бардыгын айтып бүттү.   Эми жыйынтыктоочу сөзгө мезгил келди. Андан кийин Николас убактысын үй-бүлөсүнө, жакындарына арноону пландап жатат.

Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү жубайлар ажырашат

Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү жубайлар ажырашат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы ЗАГС органдарында 48 миң жуп баш кошсо, 12 миң 200 ажырашуу катталган.   Анын ортосунда, айыл жергесинде үйлөнгөндөр басымдуулук кылат. Үй-бүлө кургандардын орточо жаш курагы 20-29 жашты түзөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, Керме-Тоо айылында жайгашкан Насыров атындагы мектеп 225 окуучуга чакталат.   Окуу корпусу балдарды кабыл алууга даяр. Ошондой эле мектепте спорт зал, өтмөк галерея, медициналык пункт, откана каралган. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү

Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.   Мындай чечим жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Чолпон-Ата… Кененирээк…

Газадан Кыргызстандын дагы эки жараны эвакуацияланды

Газа тилкесинен чыгууну каалаган Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, мекендештерди алып чыгууга Россия менен Египет көмөк көрсөткөн. «Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында 4-декабрда Россиянын өкмөтү уюштурган чартердик каттам менен Газа… Кененирээк…

Бишкекте №40 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкекте №40 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү. Мэриядан билдиришкендей, ал Военно-Антоновка айылынан Новопокровкага чейин барат.   Каттам Дэн Сяопин проспекти боюнча, андан кийин Фучик көчөсү жана Жибек Жолу проспекти менен өтөт.   Анын жалпы узундугу 43 чакырымды түзөт. Линияга 22 автобус чыгарылды, алар 10 мүнөт сайын… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын тышкы карызды жабууга чогулткан каражаты ошол бойдон турат

Кыргызстандыктардын тышкы карызды жабууга чогулткан каражаты ошол бойдон турат. Бул тууралуу Акчабар порталы Каржы министрлигине таянып билдирет.   Андан эске салышкандай, 2020-жылы республиканын башка мамлекеттер алдында бересеси өсүп кеткени боюнча маселе көтөрүлүп, аны жабууга акча чогулткан демилгечилер пайда болгон.   Бул үчүн Каржы министрлиги атайын… Кененирээк…