“Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу башталды

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу башталды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, объект жыл бою иштеп, эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай салынат.

 

Долбоордун инвестициялык бюджети 191 млн доллар жана алты этап менен курууга эсептелинген.

 

Белгиленгендей,  «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин долбоору россиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашууда.