Кыргызстанда беш аэропорттун учуу-конуу тилкелери асфальтталды

Кыргызстанда «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» менен «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.

 

Ошондой эле 2000-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн Төө-Ашуудагы туннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.

 

Мындан тышкары, узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» туннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоочу галерея пайдаланууга берилди, — деди чиновник.