Бишкекте өрттөн улам чет элдик студенттер жатаканадан эвакуацияланды

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайда 7-декабрда чыккан өрткө байланыштуу анын жанындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттер эвакуацияланды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирип, өрт кечки саат 10дон өтүп толук өчүрүлгөнүн кабарлады.

Мекеме тараткан маалымка ылайык, кырсыктын кесепетинен машине оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга чыгарылган.

Бөлмөдө калган дагы бир адамды куткаруучулар алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы деп бааланууда.

ӨКМ эвакуациялангандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Машине оңдоочу жайдын 40 чарчы метри өрттөнгөн. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.