Бишкек жана Чүй облусунда алдыдагы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми унааларды бак-дарактардын алдына токтотпош керек.