Улуттук валютанын бешинчи сериядагы 200, 500 жана 1 миң сомдук купюралары эл аралык “Жылдын банкнотасы” сынагынын лауреаты болду

Улуттук валютанын бешинчи сериядагы 200, 500 жана 1 миң сомдук купюралары эл аралык “Жылдын банкнотасы” сынагынын лауреаты болду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.   Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 4-6-декабрда Шри-Ланкадагы эл аралык High Security Printing конференциясынын алкагында өткөрүлгөн. Эске салсак, бул серия жүгүртүүгө ушул… Кененирээк…

Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт

Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт. Мындай убаданы Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев берди. Анын айтымында, быйыл бюджеттен китеп чыгарууга 152 миллион сом бөлүнгөн.   Учурда “Учкун” басмаканасында окуу куралдарынын эки партиясы басылып чыгып, мектептерге жөнөтүлдү. Дагы эки партиясы даярдалууда.

Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат

Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат. Бул пункт аскердик жаңы доктринада көрсөтүлгөн. Документке ылайык, жеке күзөт уюмдары аймактык коргонуу, өлкөнүн аскердик жана чек ара коопсуздугун камсыздоо иштерине катыша алат.   Доктрина 16-июлда президенттин жарлыгы менен кабыл алынып, жакында эле Юстиция министрлигинин сайтына… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47 чакырымы макулдашылды. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өттү. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү протоколго кол коюлду.   Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырды. Бюджеттин кирешеси 352 млрд 807 млн сом, чыгашасы 361 млрд 795 млн сом болду. Тартыштык 8 млрд 987 млн сомду түздү.   Парламент ушул эле күнү 2024-жылдын бюджетин бекетти. Министрлер кабинетинин эсебинде кийинки жылы киреше 378… Кененирээк…

Эртең кечинде Бишкекте өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат

Эртең кечинде Бишкекте өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат. Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык кооздуктун бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, ага 1 миң 400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилген.   Аянтты жана балатыны кооздоо үчүн 7 миңден ашык оюнчуктар колдонулду.   Майрамдык иш-чараларга байланыштуу эртең кечинде… Кененирээк…

Бишкек мэриясы диспетчерлерди жумушка чакырат

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” диспетчерлерди жумушка чакырат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 20 жаштан 40 жашка чейинки курактагы айымдар изделет.   Жумуш убактысы — 1 күн иштеп, 3 күн эс алат.   Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерге кайрылуу зарыл: 0505690805

Бишкекте дагы бир балдар ооруканасы ачылат

Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар поликлиникасы ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.   Оорукананы 2024-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда.

Кадамжайга 30 жаштагы жаран аким болду

Болоткан Баяке уулу Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.   Белгилеп кетсек, 30 жаштагы Болоткан Баяке уулу эки күн мурун президент кызматтан… Кененирээк…

Кар көчкүдөн улам Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку автоунаа жолунун Тамчы тилкесинде көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол эки тараптан тең жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кабарлады.   Учурда жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат.   Жабыркагандар жок.