Жаңы жылдан тарта жеке нотариустар мамлекеттик нотариустардай эле функцияларга ээ болот

Жаңы жылдан тарта жеке нотариустар мамлекеттик нотариустардай эле функцияларга ээ болот.

 

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалууда. Анализдин жыйынтыгы менен мамлекеттик нотариустарга басымдуу учурда мурас иштерине байланыштуу күч келип жаткандыгы аныкталды.

 

Андыктан, жеке нотариустарга дагы тиешелүү укук берүүчү сертификаттарды тапшыруу чечими кабыл алынды. Учурга карата 50дөй контора мурас иштери боюнча кызмат көрсөтө алат, жыл жаңыргандан тарта бардык муну нотариустар аткарат.