“Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында айтылат. Жалпысынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө 3,3 миллиард сом багытталды.
Жеңилдетилген насыя 7 миң 339 товар дыйканга берилген. Жарымынан көбү мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан. Эске салсак, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.