Күрөөканаларда берилген насыянын пайыздык ставкасы азайтылышы мүмкүн

Күрөөканаларда берилген насыянын пайыздык ставкасы 2 эседен ашык азайтылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги сунуштады. Учурда күрөөканаларда күнүнө орточо 0,3 пайыз менен насыя берилет.

 

Муну жылдык ставка катары эсептегенде 108 пайызга жетүүдө. Долбоордо 47 пайызга түшүрүү демилгеленди.

 

Андан тышкары, насыя келишимине канча пайыз менен берип жатканын так жазуу милдеттендирүү каралган. Кошумчаласак, Кыргызстанда 420 күрөөкана иштейт.