WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Кеп, билдирүүнү чаттын жогору жагына тиркеп коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу болуп жатат. Мессенджер өзү билдирүүнү 7 күнгө бекитет, бирок аны колдонуучу же бир күнгө, же бир айга дагы тиркей алат.

 

Текстти гана эмес, сүрөт, видео, эмодзи, сурамжылоо жана башка маалыматты жайгаштырса болот.

 

Функция мобилдик версияда жеткиликтүү. Ал үчүн тиркемени жаңылоо керектелет.