Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 350 мектеп бар

Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 350 мектеп бар. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, алардын кээ бирлери капиталдык ремонтко жана калыбына келтирүү жумуштарына муктаж.

 

Республика мектептеринде 1 миллион 447 бала билим алууда. Орточо эсеп менен окуучулардын саны жыл сайын 40 миңге көбөйөт.