Мамлекеттик салык кызматы салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 250 миллиард сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 250 миллиард сом чогултту. Жылдын 11 айына карата маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов берди.

 

Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 40 миллиард сомго көп. Бекитилген план 3,5 миллиард сомго ашык чогулду.

 

Чиновник белгилегендей, жакшы көрсөткүчкө салык башкарууну күчөтүү жана ишкерлерди онлайн-тейлөөгө өткөрүү таасир берди.