Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы үч секторду каржылайт

Кийинки жылы Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы үч секторду каржылайт. Аталган банктын маалыматына ылайык, негизинен энергетикалык долбоорлор менен иштөө пландалууда.   Ошондой эле банк Бишкек мэриясына катуу таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга жардам берүүнү көздөп жатат.   Мындан тышкары, Өзгөн шаарындагы жолду реконструкциялоо максатталууда.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 15-декабрга чейин күтүлүп жаткан кар жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашусунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.   Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.… Кененирээк…

Кыргызстанда айыл чарбаны өнүктүрүүгө 40 млн доллар каралат

Кыргызстанда айыл чарбаны өнүктүрүүгө 40 млн доллар каралат.   Кредиттик жана гранттык макулдашууга Каржы министри Алмаз Бакетаев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву кол коюшту.   Каражаттын 20 млн доллары грант болуп саналат.

Жыл башынан бери кызамыктын 5,5 миң учуру катталды

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык жуктургандардын саны 5 миң 500дөн ашты. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.   Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталган.   Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн… Кененирээк…

Жакынкы үч күндө абанын температурасы жогорулайт

Кыргызстанда жакынкы үч күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.   Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0⁰тан жогору болушу күтүлүүдө.   Адистер жалпысынан декабрда аба ырайы норманын чегинде болорун белгилешүүдө.

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» туумду эсептен чыгаруу боюнча акция баштады

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы электр энергиясына карызды 31-декабрга чейин төлөгөн абоненттерге туумду эсептен чыгаруу боюнча акция баштады. Мекемеден билдиришкендей, бул калкка жана бюджеттик керектөөчүлөргө жеткиликтүү.   Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына карызды толук төлөшү зарыл. Ага ылайык, жаңы жылдан кийинки эсептөөлөр туумсуз жазылат.… Кененирээк…

Жаңы жылдан тарта Пекин-Бишкек-Пекин аба каттамы ачылат

Келерки жылдын 24-январынан тарта Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги билдирди.   Маалыматка ылайык, кытайлык авиакомпания бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат.   Эске салсак, буга чейин Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз… Кененирээк…

ЕАЭБ: кымбаттоо эң көп Казакстан менен Кыргызстанда катталды

Быйыл ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы эң көп Казакстан менен Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.   2023-жылдын ноябрындагы баалар 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу Казакстанда 8,9%га, Кыргызстанда 6,9%га, Россияда 6,6%га жана Беларуста 4,9%га өскөн. Арменияда тескеринче 1,5% арзандоо жүргөн.   Казакстанда азык-түлүк… Кененирээк…