Бишкектин коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, шаарда 120 троллейбус, 500дөн ашык муниципалдык жана жеке автобус, жүздөгөн маршруттук такси жүргүнчүлөрдү ташууда.
Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү графиги өзгөргөн жок, — дешти мэриядан.