Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп ачылды. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназия 375 окуучуга чакталат.
3 кабаттуу окуу имаратынын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 59 миллион сомдон ашык бөлүнгөн. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына караганда, өлкө аймагында 100 мектеп салынып жатат. Учурда анын токсон беши пайдаланууга берилген.