Жалал-Абадда шаар сыртына чыгарылган тергөө абагы ачылды

Сузак районунун аймагына салынган №53 тергөө абагынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-декабрда Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында тергөө абагынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тергөө абагынын имараты мурда Жалал-Абад шаарынын ичинде болгон.

Акылбек Жапаров тергөө абагы жаза аткаруу тармагын реформалоо алкагында шаар сыртына чыгарылганын белгиледи.

«Акыркы 2,5 жылдан бери тармакта көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр болуп жатат. Бардык жерлердеги эл жашаган аймакта, шаар ичинде жайгашкан тергөө абактары, түзөтүүчү мекемелер шаар сыртына чыгарылууда. Алардын ордуна турак-жайлар, парктар жана административдик мекемелер курулуп жатат», — деди Жапаров.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, жаңы тергөө абагынын курулушуна 364 млн сом сарпталды, имарат бардык талаптарга жооп берет. Анда азыркы кезде Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинин имаратын жана кайтаруучу департаментинин №5 батальонунун имаратын сүрдүрүү иштери жүрүп жатканы жазылган. Бузулган имараттардын ордуна шаардыктар үчүн гүл бак (сквер) курулат.