Сойкуканалар иши: Биринчи май районунун акими кызматынан алынды

Бишкектин Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Тукебаев кызматынан алынды.

Бул тууралуу төрага Камчыбек Ташиев УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу салтанатында билдирди.

 

Анын айтымында, жетекчилер сойкуканаларды жабуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында иштеринен бошотулган.

 

«Аталган иштердин алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана Биринчи май районунун акими кызматынан бошотулду. Он милиция кызматкерине, мэрияга жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлдү», — деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.