Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, агрегаттын кубаттуулугу 5 мегаватты түзөт.
Андан тышкары, станцияда эки трансформаторду орнотуу, 110 киловаттык Бала-Саруу – Кара-Арча электр линиясын өткөрүү иштери аткарылды.