Кыргызстанда мөмө-жемишти тоңдуруу боюнча алгачкы завод ишке кирди

Кыргызстанда мөмө-жемишти тоңдуруу боюнча алгачкы завод ишке кирди. Тесттик режимде калемпир, помидор, чычырканак жана дан куурай тоңдурулду. Завод өз продукциясынын 60 пайызын Россия жана Казакстанга экспорттоо ниетинде.   Учурга карата ишканага Москва үчүн 300 тонна жашыл пиязды тоңдуруу буйрутмасы берилди.   Жазында заводдун ассортименти кеңейтилет… Кененирээк…

Бишкектин бардык шаардык кызматтары күчөтүлгөн тартипке өттү

Бишкектин бардык шаардык кызматтары күчөтүлгөн тартипке өттү. Мэриянын маалыматына ылайык, ордо калаада өткөрүлө турган ар кандай иш-чараларга байланыштуу.   Ички иштер башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коомдук коопсуздукту, өрт коопсуздугун камсыздашы керек. Ал эми Бишкектин электр тармактары ишканасына шаар тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо… Кененирээк…

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо 800 миллион киловатт-саатка жетти

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо 800 миллион киловатт-саатка жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.   Жалпысынан 9 айда республика башка мамлекеттерден  2 миллиард 907 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алды. Өткөн жылга салыштырмалуу, көрсөткүч 300 миллионго көп. Эң көп импорт Түркмөнстандан… Кененирээк…

Быйыл 63 кыргызстандык жаранга Түркияда акысыз операция жасалды

Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы «Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жөнүндө» макулдашууга  ылайык, быйыл 63 кыргызстандык жаранга Түркияда акысыз операция жасалды.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламменттин социалдык саясат боюнча комитетинин 25-декабрдагы жыйынында айтты. Келишим боюнча Кыргызстандын жарандарына Түркияга барып акысыз дарыланууга… Кененирээк…

Кыргызстанда жакын арада турак жайды каржылоонун жаңы этабы башталат

Кыргызстанда жакын арада турак жайды каржылоонун жаңы этабы башталат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчи орун басары Амантур Өмүровдун айтымында, кеп үлүштүк курулуш жөнүндө болуп жатат.   Бул механизм бардык категориядагы жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Аны мигранттар да пайдалана алышат.   Маалым болгондой, жаңы жылда өлкөнүн бардык… Кененирээк…

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.   Маалыматка ылайык, жолдорду кардан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү иштери аткарылып жатат. Бирок алыскы жолго чыга тургандарга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжырчаларын жана күрөктөрдү ала жүрүү сунушталат.

Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында 316 млн сом бөлүндү

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо — 2” долбоорунун алкагында аймакка 316 млн сом бөлүндү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышууда.   Анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу… Кененирээк…

Кыргызстанда акча чогулткан мектеп директорлору кызматтан алынат

Кыргызстанда акча чогулткан мектеп директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди.   Эске салсак, буга чейин президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде каражат топтоого жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.

Бишкектеги Чыгыш автобекетин шаар сыртына жылдыруу пландалууда

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, аталган автобекет шаар сыртына жылдырылат.   Муну менен ордо калаадагы унаа тыгынын жөнгө салууга шарт түзүлөт деп күтүлүүдө.   Ошондой эле иштеп жаткан станциянын аймагына парк куруу пландалып жатат.

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталды

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 4 этап болот.   Биринчиси бүгүнтөн тарта 30-декабрга чейин уюштурулса, экинчиси 8-январда башталып, 13үнө чейин созулат. Үчүнчү тур 15-январдан 20сына дейре, акыркысы 22синде башталып, 27-январда жыйынтыкталат.   Жогорку окуу жайлардын жетекчилиги аталган мөөнөткө… Кененирээк…