Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамалары беттеш өткөрөт

Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары Дубайда контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти   . Эки команда тең быйылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат, — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте 5,4 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Ордо калаада өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы эртең аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн.   Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттерин электр энергияга карызды өз убагындоо төлөөгө чакырат. Бересени почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы… Кененирээк…

Ар бир кыргызстандык үчүн санариптик ден соолук профили түзүлдү

Ар бир кыргызстандык үчүн санариптик ден соолук профили түзүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бул жаранга ден соолугуна байланыштуу жеке маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берет.   Бул биринчи жардам көрсөтүү, камсыздандыруу статусун жана ооруканага жаткырууну камсыз кылган оорукана жөнүндө маалыматты камтыйт.   Ведомство жарандардын ыңгайлуулугу үчүн санариптик… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы ФАП ачылды

Ош шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу Жапалак аймактык Фельдшердик-акушердик пункттун жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.   Жаңы курулган ФАПта кызматкерлер жана калк үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, медициналык кызматтын сапаты… Кененирээк…

Кыргызстанда унааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталды

Кыргызстанда унааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги демилгеледи.   Мыйзам кабыл алынса айдоочулар 2025-жылдан тарта машинелерине видео камера сатып алышы керек. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат.   Документ жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыккан.

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы дээрлик 12 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы дээрлик 12 чакырымы макулдашылды. Министрлер кабинети билдиргендей, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын Бустон шаарындагы жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.   Калган аймактарды сыпаттоо боюнча иш Кыргызстанда боло турган кийинки жолугушууда улантылат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…